Menu

Камчыбек Ташиев, экс-депутат: “Алгач соттук угуулар болуп, басылманын күнөөсүн далилдеш керек эле”

Бөлүшүү:

Экс-депутат Камчыбек Ташиев сөз эркиндиги жана Райым Матраимовдун доо-арызы тууралуу бүгүн, 13-декабрда пикирин журналисттерге билдирди.

«Матраимовдордун доо-арызына байланыштуу айта турган болсом, эгер журналисттер кайсыл бир кишинин жашоосуна терс таасирин тийгизе турган туура эмес маалымат берсе, анда алар жооп берүүгө милдеттүү. Бирок, менин жеке пикиримде, банктагы эсептердин камакка алынышы шашылыш чечим деп ойлойм. Алгач соттук угуулар болуп, басылманын күнөөсүн далилдеш керек эле», — дейт Камчыбек Ташиев.

Эске сала кетсек, Райым Матраимов кечээ, 12-декабрда Матраимовдордун үй-бүлөсү «Азаттык» радиосун, кабарчы Али Токтакуновду, «Kloop.kg» жана 24.kg сайттарын сотко берип, жалпы өлчөмү 60 миллион сомдук доо коюлганы белгилүү болгон.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 75 − 74 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: