Эсиңиздерде бардыр, Айтибай Тагаев деген бир спикерлүү болдук эле бир учурда. «КурСалиевичтин» кол балдарынын бири. Куураган кишинин спикер деген аты эле болбосо, башкасын айтпай эле коелу. Жалаң «2» деген баага окуган окуучудан бетер Жогорку Кенеште олтурчу, тилин жутуп алгансып. Спикерлик креслого өз эрки менен келбегени, бирөөнүн тапшырмасын так аткарып берүү үчүн гана келгенин турган турпаты эле айгинелеп турчу. Түз айтканда, Баткенде таш казып жүрүп эле таалайы жанып кеткен Тагаев деген эргул ЖоКеге келип, андан ары асмандан бактысы жаап спикер боло калганын түшүнүп-түшүнбөй атып эле кетти. Ошол киши акыркы кездерде таасирдүү саясатчылар менен жолугуп, кийинки жылдагы парламенттик шайлоого камынып атыптыр. Күлкүң гана келет да, эй! Мен мурун кандай депутат болдум эле, кандай спикер болдум эле, кайрадан депутат болсом эмнени кыйратам деген суроону өзүнө берип, жок дегенде, өзүн «тарых күзгүсүнөн» бир карап койсо боло, жарыктык киши!
Булак: “Де-факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ