Menu

Парламенттик шайлоонун босоголук чегин 11% кылсак кантет, ыя?

Бөлүшүү:

Ошентип 2020-жылга жакындап калдык. Жаңырган жылы өтө турган парламенттик шайлоого эмитен даярданган күчтөр арбын. Жаңы жыл менен куттуктап, түрдүү шылтоо менен айылдарды аралай чаап жүргөн үлкөндөрдү көрүп атабыз.

Бүгүн коомчулуктун кызуу талкуусуна алынып жаткан өзөк – шайлоонун босоголук чеги. Мыйзам талабына ылайык 2020-жылы өтө турган парламенттик шайлоого катышкан партиялар парламентке кириш үчүн шайлоого келген шайлоочунун 9% добушун алышы керек.

Мына ушундан улам «саясий элитанын» түн уйкусу бузулууда. Алар мындай босоголук чек менен Жогорку Кеңештин босогосун аттай албай турганын сезип, «Парламенттик шайлоонун босого чеги 9%дан ылдый болсун!» деген демилгени көтөрүшүүдө. Айрыкча кийинки шайлоодо өтпөй турганына көзү жеткен саясатчылар босоголук чекти 3%га түшсө дегенде эки көзүтөрт.

Чын-чынына келгенде парламенттик шайлоо 9%дык босоголук чек менен өтсө күчтүү атаандаштык менен өтөөрү бышык. Ошол эле учурда парламенттин да аброю артаары турган иш. Керек болсо парламенттин босоголук чегин 11% кылсак да жарашчудай болуп турат, эй!

Ал эми шайлоо 3%дык чек менен өтсө, парламентке 10го чукул партиянын киришин күтө берсек болот. Анда эле ЖКнын ашмалтайы чыгып, улам коалиция бузулуп, улам куралып, өкмөттүн иштешине жолтоо болуп, экономиканы артка тартаарын айтпасак да түшүнүп турабыз. Саясатчылар босоголук чекти ылдыйлаталы деп ач айкырык салбай, биригүү жолуна барып, партиялык тизмени бекитип атканда эл ишеничиндеги адамдарды жаңылбай тандаса эле босоголук чек маселе деле жаратмак эмес. Дегенибиз, кайсы партия болбосун, тизме бекиткенде аймактарда кадыр-баркы бар адамдарды тизмеге кошот эмеспи. Ар бир талапкер өзүнө бөлүнгөн аймактан 9-10% добуш алып берсе эле ал партия парламентке кирген атпайбы. Эгер өз аймагынан 9% добуш ала албаса анда ал талапкер кантип депутат болот? Элдин 10% колдоосуна ээ болбогон киши кантип элдин маселесин чечет? Жогорку Кеңештин шайлоосу эмес, айылдык кеңештин шайлоосуна катышкан талапкерлер айылынын дээрлик 60-70% добушун алган учурларга күбө болуп эле жүрбөйбүзбу. Туурабы?

Акырында айтаарыбыз, Жогорку Кеңешке партиянын өтүү босого чегин ылдыйлатабыз дегендин ордуна, кайсы талапкер өз аймагынан 9%дан ашык добуш ала алат деген негиз менен партиялык тизме түзүү мезгилдин талабы болуп турат.

Булак: “Де-факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 40 + = 44

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: