16 жылдан бери мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн киши Москвадан кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 13-декабрда билдирди
Алардын маалыматына таянсак, 16 жылдан кийин кармалган 1957-жылы туулган О.М. аттуу жаран Севастополь шаарында жашап жүргөн. Ал Кыргызстандагы заводдон 4 миллион 673 миң сомдон ашкан материалдык байлыктарды чыгарып кетип, изин суутуп кеткен. Акыры кармалып отурат. Учурда ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгү кармалган кишини Кыргызстанга кайтаруу аракеттерин көрүп жатат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ