Menu

Фото – Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кыргыз-казак чек ара тилкесинде товарларды каттоо жайынын курулушу менен таанышты

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесинде товарларды каттоо жайынын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Пункт «Жалпылоочу жай» аппараттык-программалык комплекси менен жабдылган, ал Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды каттоого алууну, транспорттук көзөмөл жүргүзүүнү, товарлардын мыйзамсыз кыймылына көзөмөлдү, ошондой эле ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздукту камсыз кылууну шарттайт.

Унаа каражаттарынын салмак көлөмдүк көрсөткүчтөрү боюнча маалымат электрондук салмак көлөмдүк көзөмөл динамикалуу системасы аркылуу автоматтык режимде жалпылоочу жайга берилип турат, ал эми анын кызматкерлеринин бардык кыймыл-аракети системада жазылып калат.

Бул система октук оордуктардын салмагын жана жүк транспорттук каражаттардын габариттерин адамдык фактордун катышуусуз, онлайн-режимде видеобайкоо жолу менен мамлекеттик номердик белгилерин таануу аркылуу өлчөөгө шарт түзөт.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баса белгилегендей, Өкмөт товарлардын кыймылынын ачыктыгын камсыздоого жана контрафактка каршы күрөшүүгө багытталган чаралар комплексин ишке ашырууда.

Анын айтымында, мамлекеттин экономикалык кызыкчылыктарын натыйжалуу жана ачык коргоо үчүн мамлекет бардык товардык агымдарга көзөмөл жүргүзүүнүн таасирдүү механизмин иштеп жатат.

Өкмөт башчы оор жүк ташуучу унаалардын айдоочулары үчүн бардык ыңгайлуулуктарды, көзөмөл процедураларын ыкчам өтүү шарттарын түзүү зарылдыгына көңүл буруу менен бардык курулуш жана монтаждоо иштерин сапаттуу камсыздоону тапшырды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: