“Торугарт” чегара тосмосундагы чегарачылар бажы кызматкерлери менен бирдикте Кыргызстанга мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган келинди кармашты. Бул тууралуу мамлекеттик чегара кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 1986-жылы туулган кыргызстандык А.Т.уулу жүк ташыган Renault Premium автоунаасы менен Кытайдан чыгып, “Торугартка” постуна 1996-жылы туулган А.Т. аттуу кытай жаранын кабинасына сала келген.
Текшерүү учурунда айдоочу келинди акырын түшүрүп, ал автоунааны карай турган чуңкурга түшө качкан. Чегарачылар кыймылды байкап калышып, келинди кармап алышкан. Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган келинди УКМКнын аймактык бөлүмүнө өткөрүп беришти.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ