Menu

Адам өлтүрүүгө шектелген Абдысариев Уланды милиция издөөгө алды

Бөлүшүү:

Бишкектеги турак үйдөн өлтүрүлгөн адамды өлтүргөн кишиге милиция издөө жарыялады. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, Краснознамен көчөсүндө жайгашкан жеке турак үйдө жансыз дене жатканы тууралуу маалымат милицияга 6-августта 20:55 чамасында түшкөн. Окуя болгон жерге тергөө тобу барып, маркум бычактан жан бергенин, анын өздүгү аныкталганын, ал 1981-жылы туулган М.К. экени такталган. Аталган факт Жазык кодексиндеги 130-берене (адам өлтүрүү) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Ошондой эле ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, кылмышка шектүүнүн өздүгү да аныкталып, издөөгө алынган. Ал Чүй облусундагы Кемин шаарынын 1980-жылы туулган тургуну — Абдысариев Улан Жумабекович. Аны көргөн, билгендер болсо, анда (0708) 080-808, (0703) 932-092, (0555) 102-898 телефон номурларына жана «102» кызматына кабарласа болот.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: