Аксы районунун Авлетим аймагынын Мукур айылында кырсык болуп, бир үй-бүлө иске ууланып, аял киши каза болуп калды.
Кырсык 9-декабрдан 10уна караган түнү болгон. Жатар алдында үй ээси көмүр калап туруп жатып алган. Эртең менен үй-бүлө ойгонууга жарабай калат. Бишкекте жашаган балдары эртең менен 10-декабрда телефон чалып, ала албай коюшат. Кошуналарга чалышып, кирип сурап коюуну суранышат.
Кошунасы барып тыкылдатса, эч ким ачпайт. “Бир жакка кетишкен окшойт” деп балдарына чалат. Балдары бушайман болуп, кечинде башка коңшуларга чалып, дагы бир жолу үйгө барууну суранышкан экен. Үйгө барган башка коңшу бир бөлмөнүн терезесинен үй ээси менен эки кичинекей бала жатканын көрөт. Үй ээси түшүнүксүз нерселерди кобуранып, мас сыяктуу көрүнөт.
Көрсө, жубайы эчак көз жумган экен. Үй ээси менен эки небересин айылдаштар райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткиришкен. Доктурлар алгачкы медициналык жардамды көрсөтүшөт. Азыр алардын абалы канааттандырарлык.
Каза болгон чоң эне М.С. 1954-жылы туулган. Бир небереси 5-класста окуп, кичүүсү 4 жашта экен.
Ис баскандан кудай сактасын дечи, бирок “сактансаң – сактайт” дейт кыргыз. Кышкысын мешке катуу көңүл бөлбөсө болбойт.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ