Menu

Башкы МАИчинин бардактары же чабал жетекчиинин “чалагайым” саясаты

Бөлүшүү:

Азыркы аталыш менен айтканда Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгы, мурункуча «Республикалык МАИ» кызматынын жетекчиси Азамат Исраиловдун ишине нааразы болгондор арбын. Коомчулукту айтпай ак коелу, ошол эле МАИ кызматында эмгектенгендер нааразы болуп жүрүшөт. Негизинен жетекчи деген аты эле болбосо, МАИ кызматындагы иштер боюнча суроолорго орун басары Ыманаалы Саркуловдун жооп берип жүргөнүн көрөбүз. Азамат Бакирович эч нерсе билбесе эмне кылсын, Саркуловду жиберет да! Орун басардан акыл сурап иштегенден, орун басарга көз каранды болуп жетекчи болгондон уялбайбы? Азамат Исраилов иштеген ишиндеги «жетишкендиги» үчүн министр Кашкар Жунушалиевден сөгүш алган, эскертүү алган. Бирок, болбой эле алы жетпеген тармакта тырмышып олтурат. Ордун бошотпойбу иштей албаган соң. Жетекчи болуу деген ала таяк менен машинаны токтотуп андан алчусун алып кое берип койгон иш эмес да, туурабы? Анан да эң башкысы, Азамат мырза аталган тармакта жамаатты эки бөлүп, бир тарабына эки-үч майда жетекчилер, бир тарабына өзү бир орун басары менен чыгып алып, «сен ит, мен ит» саясаты менен ыркырашып жатканын эшиттик. Ынтымак болбогон жерде иш жүрмөк беле? Тармакты жетектей албаган соң ички интриганы жаратып, жамаатты ичтен ириткен чалагайым саясатын токтотуп, эси барында этегин жапса болмок, аттиң!.. Арийне, Азамат мырзанын «багажы» толо «бардактары» туурасында кеңири кеп кылсак болчудай…

Булак: “Де-факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: