Үч басылма жана журналист Али Токтакунов менен соттошуу үчүн Матраимовдор үй-бүлөсү, ошондой эле “Исмаил ата” фонду өз юристтерин алмаштырышты.
Мурда үй-бүлөнүн кызыкчылыгын Татьяна Карыжинская жана Давран Касымов коргоп келишкен. Эми Райымбек Матраимов менен жубайы Уулкан Тургунованы жактоочу Оксана Жданова, Исендер Матраимов менен жубайы Миновар Жумаеваны жана фондду жактоочу Мадина Ниязова коргойт.
Бирок Карыжинская менен Касымов басма сөз жыйынын өткөрүп, алар гана жактоочу болорун айтып жатышкан. Демек, белгилүү үй-бүлө юристтердин ишине канаттанган эмес.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ