Menu

Патент менен иштеген кыргызстандыктарга күтүүсүз “сюрприз” даярдалды

Бөлүшүү:

Патент менен иштеген кыргызстандыктар үчүн мыйзамга өзгөртүү киргени жатканын депутат Дастан Бекешов өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты:

“Кыскасы, жакында чоң өзгөрүүлөр болот. 10-декабрда Жогорку Кеңештин экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинде жыйын болуп, анда Салык кодексине 43 өзгөртүү киргизилди. Бул мыйзам долбоорун тездик менен менен киргизишип, окуганга үлгүртпөй, өткөрүп алышты. Менин кесиптештерим “макул” деген добуш берип, мен “каршы” болдум, анткени мыйзамды окуй элек болчумун. Көпчүлүк деле окуганга үлгүргөн эмес”, – дейт депутат.

Анын айтымында, документтердин авторлору төмөнкүлөрдү сунуш кылышкан:

милдеттүү патент менен иштеген ишкерлердин санын кескин кыскартуу;

салык келишиминен коомдук тамак-аш жайлардын бардыгын чыгаруу;

ыктыярдуу патент менен кирешеси 1 млн сомду түзгөндөр гана иштейт алат, башкача айтканда, 7 млн сомго кыскартып жатышат;

базарлар менен дүкөндөрдө иштеген көптөгөн ишкер субъектилерди жаңы салык режимине “которушууда”;

кошумча наркка болгон салыкты (НДСти) эсептөө механизми өзгөрүүдө.

“Чакан бизнеске чоң сокку урулганы калды. Белиңерди бекем буугула!”, – деп депутат Дастан Бекешов эскертет.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 14 = 24

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: