Menu

Камырдан суурулган кылдай ийкемдүү Сарпашев

Бөлүшүү:

Ырас, бир чындыкты айтып коюу керек. Тээ эгемендик алган жылдардан тарта аткаминер, депутат, чиновник дегендердин кылы кыйшайбай, кылмыш кылса да жоопкерчилик тууралуу түшүнүктөрү жок эмес беле. Анткен менен акыркы учурларда мыйзамдын үстөмдүгү күч алып, бир топ үлкөндөрдүн үстүнөн кылмыш иштери козголуп, айрымдары абакка айдалып, айрымдары айын пул төлөп, айтор «Кыргызстан мыйзамы сенин ким экениңе карабайт, мыйзам алдында баары бирдей» позициясы турукташып келет. Буга экс-өкмөт башчылар менен экс-мэрлердин баш болуп соттолуп атканы мыкты далил. Бирок өлкөдөгү мындай өзгөрүүлөр оңой менен ишке ашпасы белгилүү. Бир тобу буга ачык да, тымызын да каршылыгын
көргөзүп жатышат. Өзгөчө чоң кызматта олтуруп чоң жеп, чоң ууртагандар. Ошол эле учурда кылмышы ашкереленип атса деле «илибой» жерден жол таап камырдан кыл суурулгандай чыгып кеткендер да жок эмес. Алсак, Мамлекеттик каттоо кызматынын экс-жетекчиси Тайырбек Сарпашевге кылмыш иши козголгону маалым. Бирок бүгүнкү күнгө чейин Сарпашевдин ал иши эмне болгону белгисиз. Ал иш жабылдыбы, тергелип атабы эч ким билбейт! Муну кандай түшүнсө болот? Же Сарпашев үчүн баарына бирдей деген мыйзам иштебейби? Же Тайырбек Сарпашев мыйзамды уруп ойнобойбу? Эмнеге баарына бирдей иштеп келаткан мыйзам Сарпашевге келгенде какап калды? Муну ким түшүндүрүп берет?

Булак: “Де-факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 3 = 13

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: