Оор атлетика боюнча спортсмен Эмил Молдодосов «Кыргызстандын спорт чебери» наамын алды. Бул тууралуу бүгүн, 14-декабрда Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, Таиланда өткөн оор атлетика боюнча дүйнө чемпионатындагы турнирге Эмил Молдодосов катышып, 81 киллограмм салмакка чейинки спортчулар арасында штанга көтөрүү боюнча күч сынашып, 333 киллограмм салмактагы штанганы көтөрүп, 18-орунду ээлеген.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ