Бизде бир жерди менчигиндей басып алып ондогон жылдар бою башкарган жетекчилерибиз жок эмес. Аларда эмне иш кылдым, өлкөгө кандай салым коштум деген ой жашабайт. Анткен менен өзүм дегенде өгүздөй күчкө ээ, буларың. Атап айтсак, Айдаркендеги сымап комбинатынын жетекчиси Толубай Салиев тууралуу узун сабак кептердин аягы тыйыла элек. Ал жердеги коррупциялык иштер, Салиевдин «түшпөс хан» болуп бир топ жылдан бери башкарып келе жатканы боюнча фактылар айтылса дагы Толубай Салиев былк этпей олтурганы бизге кызык. Андан да кызыгы Салиев дегениңер аталган комбинатты атасынан мурас калгандай эле колдонот тура. Текшерүүчү, тескөөчү дегендердин баарын колго алган Толубай мырза коомчулуктун пикирин тоготуп да койбойт экен, бу ноен Сымапты «сыгып» андан арбын жашылбайларды жашырууга көнгөн «Толубай сынчыны», ой Толубай сымапчыны тизгиндөөгө мамлекеттин тиешелүү тармактары неге чара көрө албай келет, ыя? Бул жагы бизге табышмак.
Булак: “Де-факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ