Menu

Акылбек Жапаров жана “10%”

Бөлүшүү:

Акылбек Жапаров деген депутат бар эмеспи Жогорку Кенеште. «10%» деген каймана ысымдуу. Кезинде Кудайын тааныбай көпкөн, качкын президент Курманбек Бакиевдин каржы министри болуп. Өмүр бою мамлекеттик кызматтарда жүрүп ченебей байлык топтогон Жапаровго таң калгандар, мындай «сыйкырдуу байлыктын» сырын билбей кыйналгандар четтен чыгат. Аларга жандырмагын айта турган болсок өтө жөнөкөй эле. Жогоруда сөз болгон «10%» Акылбек Үсөнбековичтин байлык «пирамидасынын» чыйыр жолу. Тагыраак айтканда министр кезинде кайсыл долбоор болбосун 10% пайыздан «кертип» калып атып «10%» деген «кличкага» ээ болгону узун сабак кеп болуп айтылып келет. Айтор, «илибой» жерден 10 пайызды өөнөп калганга маш. Ушул Акылбек Жапаров 2 күн мурун бир боорду эзген пикирин айтыптыр. «Кыргызстандын 90% эли Орусияга кошулуп кеткенге макул»-деген мааниде. Эми ушу кантип болсун?! Унчукпай эле олтурбайбы, же анча болду толук бойдон эле айтпайбы, бул жерден да 90% деп адатынча 10%ды өөнөп калбай! Айла жок күлөсүң да…

Булак: “Де-факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 89 − = 84

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: