ЕАЭБдин жарандарына пенсия төлөө жөнүндө сунушту Владимир Путин туура көрдү. Бул тууралуу deita.ru сайты жазып чыкты.
Документте айтылгандай, өлкө башчысынын колу коюлуп, Евразиялык экономикалык биримдикке кирген өлкөлөрдүн эмгекчилерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө келишим расмий укуктук маалымат интернет-порталында жарыяланып, бул документке ЕАЭБ кеңешинин жыйынында кол коюлушу мүмкүн экени айтылат.
Эскерте кетсек, ЕАЭБ өлкөлөрү бул документти бир нече жылдан бери даярдап келген. Эгерде Келишимге кол коюлса, анда бардык өлкөлөр мыйзамдарын өзгөртүп, жарандары кайда эмгек өтөгөн болсо, пенсиясын ошол өлкөлөрдө алгандай кылышат.
Мындай система Орусия, Белорусия, Армения, Казакстан жана Кыргызстан ортосунда жүзөгө ашат. Жөнөкөйлөтүп айтканда, бул өлкөлөрдүн бийлиги жеке өздөрүнүн гана жарандарына пенсия төлөбөй, ушул өлкөлөрдө иштеген башка өлкөлөрдүн жарандарына да төлөмөй болушат. Мисалы, Кыргызстандын жашоочусу Орусияда иштеген болсо, Орусиядан пенсия ала алат. Орус жараны Кыргызстанда иштеген болсо, Кыргызстандан алат. Эми ал эмгектенген жери менен пенсияга чыккандан кийин жашаган жерине жараша болот.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ