12-декабрь күнү Россиянын биринчи Президенти Б.Н.Ельцин атындагы Урал федералдык университетинде Чынгыз Айтматовдун элесине арналган адабий кече болуп ѳттү. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чара университеттин жетекчилигинин колдоосунун негизинде Кыргызстандын студенттик жердештиги тарабынан уюштурулуп, «Кыргызстан-Урал» кыргыз диаспора уюмунун ѳкүлдѳрү, Башкы консулдуктун консулу Нурлан Алымбеков, Россиянын Жазуучулар союзунун мүчѳсү, Урал жазуучуларынын ассоциациясынын координатору Александр Кердан, аталган окуу жайдын окутуучулары жана студенттери катышышты.
Кечеде студенттер Ч. Айтматовго арналган ѳзүлѳрү жазган ырларды жана россиялык акындардын чыгармаларын окуп, жазуучунун чыгармаларынан алынган сценаларды ойношуп, «Эрте жаздагы турналар» повестинин негизинде студенттердин ѳз күчү менен тартылган чакан видео-түрмѳктү коюшуп, ѳз таланттарын кѳрсѳтүштү.
Атактуу россиялык акын жана жазуучу А. Кердан ѳз сѳзүндѳ улуу жазуучу, ойчул жана дипломаттын чыгармачылык мурасын жогору белгилеп, студенттерге ыраазчылык билдирип, Ч. Айтматовго арналган ѳзүнүн ырын окуп берди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ