Мурдагы КСДПнын төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева ИИМдин тергөө кызматына суракка чакырылганын кечээ кечинде өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыккан. Суракка чакырууну кечки тогуздан кийин үйүнө алып берип беришкен.
Документте Кундуз Жолдубаева күбө катары суракка чакырылганы айтылган.
Эскерте кетсек, Кундуз айым 2019-жылдын 7-8-августундагы Кой-Таш окуясы боюнча кылмыш ишинде күбө катары өтүүдө.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ