Белгилүү бизнесмен Аскар Салымбеков Улуу Британиянын ханышасы Елизавета IIнин рождество балына конок катары чакырылып, чакыруу кагазын алганын октябрдын аягында журналисттерге кабарлаган.
Ал кечээ, 13-декабрда Британияга барып, Букингем ордосуна дүйнөлүк дипломаттар жана бизнестин өкүлдөрү чакырылган жерге катышып, алар менен атайын уюштурулган сый тамакта чогуу болгонун сыймыктануу менен өзүнүн “Фейбуктагы” баракчасын жазып, сүрөттөрүн жайгаштырды.
Эске сала кетсек, 19-ноябрда, Букингем ордосунда Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II Улуу Британия менен Түндүк Ирландиядагы Кыргызстандын толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Эдил Байсаловду кабыл алган. Ханышага элчи ишеним грамотасын тапшырган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ