Menu

Шеримкулов менен Табышалиевди кагыштыруу аракети

Бөлүшүү:

Уландысы. Башталышы өткөн апта, 6-декабрь күнү жарыяланган.

Медетхан студент кезде Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору, кыргыздын чыгаан окумуштууларынын бири Салмоорбек Табышалиев эле. Ал ректорлук кылган жылдар узакка созулуп, 17 жыл иштеген! С. Табышалиев окуу жайды башкарган учур КМУнун тарыхындагы алтын доор болуп калды. Бул мезгилде университет республикада гана эмес, жалпы эле Союздагы алдыңкы жогорку окуу жайлардын катарынан орун алып, көптөгөн ийгиликтүү көрсөткүчтөрү боюнча жалпы союздук масштабда да жогорку деңгээлде бааланып калган. Медетхан Шеримкулов студенттердин лидери жана коомдук активист катары ректорат жана ректор Салмоорбек Табышалиев менен түз иштеше турган.

Ошол мезгил ичинде Медетхан бул эң мыкты адамды жана ири окумуштууну инсан катары жакшы билип калды. Анын иш стилин, көнүмүш адаттарын, манераларын тереңирээк түшүнүүгө далалат кылды. Салмоорбек Табышалиев табияты боюнча демократизмге сугарылган адам болгондуктан, жаш-кары дебей баарына бирдей мамиле кылчу, кызмат даражасына карабай окумуштуулар менен да, студенттер менен да чогуу аралашып, баарынын пикирлерине урматтоо менен карай турган. Ошону менен бирге, ал өзүнүн алдына койгон максатына жетүүдө өзгөчө ынтаа коюу менен иштегенди билчү. Ректор болуп дайындалгандан бери бул жогорку окуу жайды региондогу гана эмес, жалпы эле союздагы алдыңкы университеттердин бирине айлантуу идеясын ишке ашырууда, ал бир гана М. В. Ломоносов атындагы Москва Мамлекеттик университетине карап түздөнө баштаган!

Салмоорбек Табышалиев ичинен кыргыз университетинин да өзүнүн комплекстүү шаарчасы болушун каалап, баарын Москва университетиндегидей жасаганга умтула баштаган. Бардык зарыл болгон кызматтары жана уюмдары менен бирге болуп, комплекстүү өнүгүшүн камсыздоого жетишүүнү пландаган. Сапаттуу жогорку билим берүү үчүн жогорку окуу жайына биринчи иретте туруктуу материалдык-техникалык база керектигин жакшы түшүнчү. Университеттин тегерегиндеги төрт чарчы аймактын баары окуу жайына тиешелүү болуп, бул жерге кийинчерээк биринин артынан бирин салып олтуруп, чакан, бирок, ыңгайлуу университет шаарчасы курулушу керек. Өз спорттук залдары, стадиону болушу зарыл, студенттердин ден соолугуна кам көрүүчү комплекс, өз лабораториялары менен жабдылса гана илим алдыга кошо жыла баштайт деп, буга терең ишенчү!.. Окутуучулар жана кызматкерлер үчүн көп квартиралуу мыкты үйлөрдү салып, баарын камсыз кылуу зарыл дечү!

Табышалиевдин бул таттуу кыялы аз-аздап болсо да ошол кезде ишке аша баштаган. Тилекке каршы, ошол пландарынын айрымдарын гана орундатууга жетишип, көбүн ар кандай себептер менен аткара албады. Бир жагынан алып караганда, жогору жактан Салмоорбек Табышалиевге бул оюн толук аткарууга мүмкүндүк беришпеди. Баары бир, анын ой-пландары жарым-жартылай ишке ашкан күндө деле, өлкөнүн эң башкы университети ал жылдарда таанылгыс болуп өзгөрдү!

Медетхан Шеримкулов өзүнө Кыргыз мамлекеттик университетинин партиялык комитетинин секретарлык кызматын ээлөө сунушталганда, буга дароо кубануу менен макул болду. Биринчиден, бул анын экинчи үйү сыяктуу болуп калган окуу жайы болчу. Экинчиден, өзүн жаңы деңгээлде – өз алдынча жетекчи катары – сындап көрүгүсү келди. Анын үстүнө, ал өзү мурдатан жакшы билген ректор Салмоорбек Табышалиев менен иштөө да ал үчүн абдан кызыктай сезилди. Медетхан Шеримкуловдун Борбордук комитеттин аппаратынын инструкторлугунан окуу жайдын парткомунун секретарлыгына которулганы да коомчулукта ар кандайча мааниде бааланды. Балким, ар кимиси өз жеке ой-жүгүртүүлөрүнө жана бийлик тууралуу өз критерийлерине жараша айтышкандыр. Кээ бирлери бул кызматтык орун которуу ал үчүн кызматтагы жогорулоо болду дешсе, башкалары, тескерисинче, ал кызматынан кичирейди деп эсептешип, Медетхан инструкторлуктан башка бир чоң кызматка кетсе болмок дешти. Бул кызматтык орун которуштурууну бийлик чен-өлчөмүнө гана тиешелүү болгон параметрлер менен гана өлчөп, бул партиялык уюмда турган коммунисттердин саны Талас областынан да көп, демек, Медетхан Шеримкуловдун жаңы кызматы партиянын райондук комитетинин биринчи секретарлыгынан жогору каралышы керек, же бери эле болгондо – бирдей деңгээлде турат дешти!

Мындан сырткары дагы эл арасында ар кандай кептер жүрүп, кыйды Турдакун Усубалиев Медетхан Шеримкуловдун Бейше Мураталиевдин жакын адамы экендигин кечире албай, аны Кыргыз мамлекеттик университетине атайылап партком катчылыгына дайындап, ректор Салмоорбек Табышалиев менен кагыштыруу үчүн алып барды деп болжошкондор да болду. Себеби, алар экөө тең Сокулук районунун коңшулаш айылдарынын чыгаан кулундарынан болушкан… Медетхан бул сыяктуу айың кептерге эч кызыкчу эмес. Ал бул жаңы кызматына адеп дайындалган биринчи күндөн баштап, башка эч нерсеге алаксыбай, ишине баш-оту менен берилип киришип кетти. Окуу жайдагы жагдай ага жакшы тааныш болгондуктан, жаңы кызматтык орунда зарыл болгон көнүгүү, жакындан таанышуу сыяктуу нерселерге убакыт коротуунун да зарылдыгы жок болчу.

Бардык жерде жана бардык учурларда эч качан интригалар болбой койбойт. Тез эле Медетхан Шеримкулов да өзүнө карата болгон Салмоорбек Табышалиевдин мамилеси өзгөрүлүп кеткенин байкады. Ректордун мамилеси бир аз сууй түшкөнүн сезимтал Медетхан бир айга жетпей эле сезди. Алгач абдан кубануу менен тосуп алган. Ал кызматка орношкон алгачкы күнү Медетхан Шеримкуловдун университетке кайтып келгенин белгилешип, Салмоорбек Табышалиев экөө ректордун кабинетинин артындагы эс алуу бөлмөсүндө узак убакыт бою чечилип сүйлөшүп олтурушкан. Медетхан эски ага-жолдошу Салмоорбек Табышалиев дале болсо жашоого, кызматка болгон энергиясы дале табында экенине ичтен кубанган.

Табиятынан акылман, көрөгөч киши болгондуктан, ал бул кызматтык орун өзү үчүн акыркы ээлеп турган чоң кызматы экенин билип, бардык болгон күч-аракетин ушул окуу жайдын келечегине арнаганга умтулчу. Республикалык жетекчилик тарабынан өзүнө карата түзүлүп калган калыс эмес, өгөйлөгөндөй мамиледен улам, Салмоорбек Табышалиев чоң потенциалдык мүмкүнчүлүктөргө ээ болгондугуна карабастан, дайыма кандайдыр бир төмөн карай ныгырып басуу сыяктуу мамилеге тушукчу.

Экинчи айдын башында Медетхан Шеримкулов өзүнө карата жасалган ректордун мамилеси кыйла салкындай түшкөнүн байкады. Бул мамилелерде кандайдыр бир терс эч нерсе жок болгону менен деле, алар эми мурдагыдай бири-бирине терең ишенбеген абалга жеткен эле. Мунун сыры да оңой эле ачылды: Медетхан Шеримкулов башкалардан ректордун мамилесинин өзгөрүү себептерин укту. Көрсө, “жакын” адамдары Салмоорбек Табышалиевге “Медетхан Шеримкулов инструкторлук кызматтан бул жакка бекер келген жок, эми аны ректор кылып дайындашат!” деп айтышыптыр.

Медетхан бул тууралуу билери менен дароо ректорго барды. Өз оюнда мындай ниет да жок экендигин ачык билдирди. Ал эч качан ректор болоюн деп ойлогон да, аракет кылган да эмес. Эгерде аны ректорлукка дайындоого сунуш айтылса, ал бул тууралуу эң алгач Салмоорбек Табышалиевге билдирмек! Ушундай бетме-бет, ачык аңгемелешүүдөн кийин гана ректор менен университеттин парткомунун катчысынын мамилелери мурдагыдай абалга өтүп, эми алар бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып, бири-бирине ишеним артып, күжүлдөп иштей башташты. Алар экөө тең бири-биринин мыкты сапаттарын жогору баалашып, чын дилден урматтап-сыйлай билишкендиктен, мындай чыныгы эркектик жолдоштук өзүнчө бир урагыс, бекем күчкө айлангандай болду.

Академик Салмоорбек Табышалиевдин тагдыры сыртынан караганда, балким, абдан ийгиликтүү жана сыдыргыга салгандай көрүнүшү да мүмкүн. А бирок, чындыгында, бул инсандын жеке тагдырынын ички кайрыктары кыйла эле татаал, ал тургай, кандайдыр бир деңгээлде кайгылуу жактары да болгон. Өз курбалдаштарынын арасынан өтө жаш чагында суурулуп чыккан бул чыгаан инсан, тез эле жетилген курагында Советтик Кыргызстандын илимий-интеллектуалдык элитасынын курамына кирген. Кийинчерээк анын замандаштарынын бири адилет эскергендей, “бул лидерди өз мезгили керектүү деңгээлде пайлана алган жок”.

Салмоорбек Табышалиев жогорку бийлик тарабынан кээде ар түркүн кысымдарга алынып, анын ашкере активдүү иштегени, эл арасындагы бийик кадыр-баркы кээ бирөөлөргө жакпай, тескерисинче, аны аксатууга болгон аракеттер тымызын да, ачык да көрүлүп турган. Башка бирөө болсо, мүмкүн, эбак сынып, чүнчүп, башын жерге салып олтуруп бермек. Мындай тоскоолдуктар ректорду кайра курчуткан сымал, анын баягы энергиясы жоголбой, улам жаңы идеялары жарала бере турган. Кээде гана майда интригалардан, ар кандай ушактардан чарчаган кездерде, ректор өзү ишенген, жакын адамдары менен көздөн далдаа, четирээк жакта чер жазып, бир аз эс алып, арак ичип, кайра толук өзүнө келчү.

Медетхан Шеримкулов ректордун оң колу, ишенимдүү таянычы болуу менен бирге, анын бардык идеяларын ишке ашырууга жардам берчү. Эски кексе кишилер алиге чейин Салмоорбек Табышалиевдин ректорлук мезгилин университеттин эң мыкты доору катары баалап келе жатышат. Чындыгында эле, 70-жылдардын орто ченинен баштап, бул башкы жогорку окуу жай өз өнүгүү жолундагы эң жогорку бийиктиктерге жетишкендей болду, жалпы союздагы эң мыкты университеттердин бири катары аталды!

1976-жылдын апрелинде Москвадан КПССтин Борбордук Комитетинин жумушчу комиссиясы келип текшерди. “Жаш коммунист-кадрларды даярдоо жөнүндө” деп аталган катаал текшерүү бардык параметрлер боюнча жүргүзүлдү. Айта кете турган нерсе, ушундай эле текшерүү жалпы республика аймагы боюнча өткөн. Комиссиянын жыйынтыгы боюнча, университет жакшы баага арзыды. Бул биринчи иретте университеттин парткомунун секретары Медетхан Шеримкуловдун наамына берилген баадай туюлду. Москвадан атайы келишкен жогорку рангадагы адистердин берген жогорку баасын жергиликтүү Борбордук Комитеттин аппаратындагылар да кубана кабыл алышты. 1976-жылдын май айында Кыргыз мамлекеттик университети А. Жданов атындагы Ленинград мамлекеттик университети менен достук жана кызматташтык тууралуу макулдашууга кол койду. Фрунзеге Ленинград университетинин биринчи проректору Малинин келди. Макулдашуунун натыйжасында, кыргызстандык мыкты студенттер кенже курстардан эч кандай экзамен тапшыруусуз эле атактуу Ленинград университетине которулуп окууга мүмкүндүк алышты. Азыркы кездеги Кыргызстандын көптөгөн мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин өмүр баяндарына көз чаптырсаңыз, алардын көбү А. Жданов атындагы Ленинград мамлекеттик университетин бүтүрүшкөнүн билүүгө болот. Чындыгында, алардын көбү бул университетке аталган келишим боюнча экинчи же үчүнчү курстан кийин Кыргыз мамлекеттик университетинен которулгандар.

Кийин кызматташтык жөнүндө дал ушундай эле макулдашуу Кыргыз мамлекеттик университети менен М.В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети ортосунда да түзүлдү. Бир кезде кол жеткис кыял эми демейки эле көрүнүшкө айланып калды! Университеттин мындай чоң ийгиликтерге жетишине, бул окуу жайдын партиялык комитетинин катчысы Медетхан Шеримкуловдун чоң салымы бар болчу.

…Ректор Табышалиев менен Шеримкулов Малининди Ысык-Көлгө алып барышканда, Ленинграддык мейманды, партиялык коми-теттин катчысы Медетхан Шеримкуловду Компартиянын Ысык-Көл областтык комитетинин биринчи катчысы Арстанбек Дүйшеев кабыл алган. Бешенеге жазган тагдырды болжоп болбойт деп айтылат эмеспи! Ошондо бул жогорку кызматтагы чиновниктин кабыл алуусунда олтуруп, өзү дагы эки айдан кийин ушул областтын жетекчилеринин бири болуп каламын деп Медетхан Шеримкуловдун оюна да келген эмес.

(Уландысы бар)

Мамасалы Апышев

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 27 + = 35

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: