18 жылдан бери спорт менен машыгып келаткан Казакстандык режиссер жана бодибилдер Юрий Толочко жакында Марго аттуу секс куурчагына үйлөнгөнү жатканын “Спутник Казакстан” сайтына маек берип жатып билдирген.
Марго аттуу куурчак менен кыз-жигит болуп жүргөнүн айтып, жеке жашоосун Instagram баракчасына байма-бай жарыялап келаткан Толочко учурда Нур-Султан шаарында жашайт. Ал апасы Казакстандык болгондуктан ушул мамлекетке Донбасска катарлаш жайгашкан Луганск облусунан беш жашынан келген.
Толочко көптөн бери чогуу жашап жүргөн секс куурчагына үйлөнөрүн айтып, себебин түшүндүргөн. Ал коомдун кабыл алуусун текшергиси келгенин жана өзүн жаңы ролдо сынап көргүсү келгенин айтып берген. Азыркы аялдар өздөрү куурчакка окшошкусу келгенин баса белгилеген.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ