“Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров 12-декабрда журналисттерге бир жарым саат жыйын өткөрүп, ал 11-декабрда дарыланып, ооруканадан чыкканын айтып, бардык суроого жооп берген. Анда журналисттер Роза Отунбаеванын сүйлөгөн сөзүн жана жасаган иши тууралуу сурашканда ал, анын кылып жаткан иши жана сүйлөгөн сөзү туура эместигин баса белгилеп, “Баарыбыз айылдыкпыз, Роза Отунбаеваны мен “самозванка” деп 2010-жылы эле айткам, эми кезектеги шермендечилигин көрсөттү”,- деген.
Жума аяктап жаткандыгына байланыштуу жана убагында укпай, көрбөй калгандар болсо деген ниетте Адахан Кимсанбаевичтин андагы маегин берип коюуну туура көрдүк. Ал төмөндө:
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ