Кыргыз Республикасынын ИИМнин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 244- беренесинин 2-бөлүмүндө (барымтага алуу) каралган кылмыш белгилери боюнча КЖБРге катталган сотко чейинки өндүрүш иликтенип жатат. Бул тууралу ИИМдин Басма сөз кызматы расмий билдирет.
2019-жылдын 12-декабрь күнү Кыргыз Республикасынын ИИМнин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 244- беренесинин 2-бөлүмү (барымтага алуу) жана 264-беренесинде (массалык башаламандыкты уюштуруу), 39, 309- беренесинде (бийликти күч менен басып алууга даярдануу) көрсөтүлгөн кылмыштарды жасоого шектелип Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 98-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мурдагы депутаты Жээнбеков Равшан Бабырбекович кармалган.
2019-жылдын 14-декабрь күнү Биринчи май райондук соту тарабынан Р.Жээнбековго карата 2019-жылдын 9-февралына чейин камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ