2020-жылдагы Сауд Арабия Падышалыгына ажылык сапарга зыяратчыларды жеткирүү үчүн Кыргызстан менен Сауд Арабия авиакомпаниялары ортосунда сынак жарыяланды. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматы бүгүн, 15-ноябрда билдирди.
Алардын айтымында, аталган сынак 2020-жылдын 21-январында, саат 11:00дө Муфтияттын жыйындар залында өткөрүлөт. Документтерди кабыл алуу 17-декабрда башталып, 17-январда жыйынтыкталат. Көрсөтүлгөн мөөнөттөн кечиктирилген арыздар кабыл алынбайт.
Сынактын жыйынтыгы 23-январда чыгарылат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ