Ноокат районундагы Жар-Коргон айылынын тургундары милициянын таяныч пунктуна имарат белек кылышты. Бул тууралуу Ош ОИИБнин басма сөз кызматы бүгүн, 15-декабрда билдирди.
Алардын билдирүүсүнө караганда, аталган айылдын тургуну, жеке ишкер Закир Исаков дүкөн үчүн салып жаткан курулушун токтотуп, эки бөлмөлүү имаратын милицияга өткөрүп берген. Ал коомдук тартипти көзөмөлдөөгө кол кабыш кылуу максатта белек кылган. Ал эми айылдын жаштары имаратты оңдоп, заманбап эмеректерин сатып беришкен. Милиция пунктунун ачылыш аземи кечээ, 14-декабрда болуп, ага айыл тургундары, милиция кызматкерлери катышкан. Ош ОИИБ башчысынын орун басары Кеңешбек Рахманов сүйлөп, айыл тургундарына ыраазычылык билдирген.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ