Ьүгүн, 16-декабрда Атамбаевдин тарапташы, кеңешчиси, КСДП өкүлү Кундуз Жолдубаева ИИМдин Тергөө кызматына суракка барат. Бул тууралуу анын адвокаты Замир Жоошев билдирди.
Анын айтымында, Кундуз Жолдубаева 16-декабрга, саат 11:00гө чакырылган. Ал Кой-Таш окуялары боюнча күбө катары беттештирүүгө тартылышы ыктымал, анын макамы күбөдөн шектүү катары да өзгөртүлүп калышы мүмкүн.
Эске сала кетсек, Кундуз Жолдубаева Кой-Таш окуясы боюнча Алмазбек Атамбаев кармалгандан бери суракка чакырылып жүрөт. Буга чейин ИИМге бир нече жолу күбө катары суракка алынган.
7-8-августта мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы хан сарайында аны кармоо боюнча операция жүрүп, кагылышуу болуп, аягы өлүм менен аяктаган. УКМК «Альфа» атайын түзүмүнүн кызматкери, полковник Үсөнбек Ниязбековго ок тийип, каза болгон. 8-августта Атамбаев жана анын тарапташтары колго түшүп беришкен. Алардын арасында Кундуз Жолдубаева бар болчу.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ