Жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) үстүнөн түшкөн арыздарды караган комиссияга мурда КТРКда иштеген Тамара Валиева төрайым болуп шайланганы бүгүн, 16-декабрда маалым болду. Бул тууралуу комиссия мүчөлөрү билдирди.
Алардын айтымында, Валиеванын талапкерлигин комиссия мүчөлөрүнүн баары жактырып, колдоп берген. Ал ЖМКнын этика комиссияга бейөкмөт уюмдун өкүлү катары 2012-жылдан бери мүчө. Аталган комиссиянын мурдагы жетекчиси Шамарал Майчиев өз каалоосу менен төрагалыктан кеткен, ал комиссия курамында кала берет.
Эске сала кетсек, Кыргызстандын журналисттеринин этикалык кодекси 2007-жылы кабыл алынып, 13 кишиден турган комиссия түзүлгөн. Алар маалымат каражаттарына болгон нааразылыкты сотко жеткирбей жөнгө салууну көздөйт. Анын мүчөлөрү журналисттердин республикалык конференциясында үч жылда бир тандалат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ