Чүй облусуна караштуу Токмок шаарындагы автобекеттин жанындагы күйүүчү май саткан контейнерден өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы бүгүн, 16-декабрда билдирди.
Алардын айтымында, өрт тууралуу билдирүү аларга кечээ, 15-декабрда, саат 20:55те келип түшкөн. Өрт саат 22:02де толугу менен өчүрүлгөн. Жабыркагандар жок.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ