Menu

Фото – Жогорку Кеңештин депутаттары Талас районунун бир катар социалдык обьектилеринин абалы менен таанышып чыгышты

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин депутаттары Г.Молдобекова менен А.Аскарова 15-декабрда Талас районунда иш сапары менен болуп, бир катар социалдык обьектилерди кыдырып көрүштү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет.

Аталган райондун Бекмолдо айыл аймагындагы Сасык-Булак айылынын Алымкул Жумагулов атындагы орто мектеп 45 жылдан бери капиталдык ремонттон өткөн эмес. Мектептин чатырынын эскилиги жетип, ар кайсы жеринен тамчы тама баштаган. Дагы оңдоп-түзөөгө муктаж жерлери арбын. Капиталдык ремонттон өткөрүүнүн сметалык наркы 21 млн сом. Айыл өкмөтүнүн эсебинде акча бар. Бирок, аны колдонууга уруксаты жок.

Ал эми ушул эле айылдагы 140 орундук бала бакча авариялык абалга келип пайдаланылбай калган. Фундаменти чөгүп, дубалдарынан жарака кеткен. Ага чейин айылдыктар өздөрү акча чогултуп, 5,3 млн сомго ремонттон өткөрүп, эмеректерин да сатып алышкан экен. Жертөлөсүнө суу толуп, натыйжада фундаменти чөгүп, имараттын бир тарабы керектен чыккан. Бирок, ӨКМдин имараттын  канчалык деңгээлде жараксыз экендиги боюнча чыгарган бүтүмү жок. Эскиси колдонуудан чыгып, жаңысын салууга каражат жок.

Долоно айыл аймагындагы Таш-Арык айылынын А.Эсенбеков атындагы орто мектебинин негизги көйгөйү жылуулук.  Мектептин айрым класстары кышкысын колдонуудан чыгат. Анткени жылуулук жетпейт. 1995-жылы мектептин жылуулугу көмүр менен жылытуудан электр энергиясы менен жылытууга өткөрүлгөн экен. Ошол күндөн ушул күн мектептин жылуулук системасы оңолбой койду дешет. Анткени электр энергиясына өткөрүп жатканда жылуулукту камсыз кылчу система эске алынбаптыр. Жылына бир нече жолу бузулуп, котелдору көтөрө албай улам керектен чыгып, көйгөйдөн көйгөй жаратып келатканына көп болгон. Жалпы жылуулук системасын калыбына келтирип, оңдоп чыгуу үчүн 8,5 млн сом жумшалат экен. Эге ушул каражат бөлүнүп берилсе окууну үзгүлтүккө учуратпай оңдоп алат элек дешет.

Ал эми Калба айылындагы мектеп ашар жолу менен салынган, курулуш нормаларына жооп бербеген мектеп. Азыркы күнгө чейин баягы илгерки  контрамарка деп койчу мешке от жагышат. Анысы түтөп, жакшылыктуу жылытпайт. Анын жанына жаңы мектептин курулушу түшкөн бирок, 4 жылдан бери болгону фундаменти кана куюлуп бүтүптүр. Эч болбосо  15 млн сом бөлүнсө дубалын көтөрүп, чатырын жаап коюшмак экен. Эл депутаттары менен болгон жолугушууда айылдыктар ушул мектептин курулушун тездетип берүүнү өтүнүштү.

Андан соң Жогорку Кеңештин депутаттары Г.Молдобекова менен А.Аскарова Талас шаарындагы Баластан балдарга билим берүү борборунун иши менен таанышты. Мындагы негизги көйгөй имаратынын тардыгы. Эгер шаар бийлиги катарындагы Мамкаттоо мекемесине башка имарат таап беришсе, биз өз имаратыбызды кеңейтип, балдарды окутуп-тарбиялоо багытындагы иштерибизди мындан да жакшыртып алууга жаңы мүмкүнчүлүктөр түзүлмөк дегенди депутаттарга өтүнүч катары айтышты.

Кечке маал эл депутаттары Талас мамлекеттик университетинде болушуп, университеттин жетекчилигинин өтүнүчтөрүн угушту. Аталган университетке спорттук комплекс куруу үчүн 7,8 млн сом керек болуп жатыптыр. Баарлашуунун жүрүшүндө депутаттар эгер университет өз каражаттарынын мүмкүнчүлүгүнө жараша ишти баштай берсе, башка каржы булактарын да бирге издештирип көрүү жагын сунушташты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 33 − = 25

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: