Акыйкатчы Токон Мамытов 2018-жылы 1 млн 414 миң 62 сом тапкан. Анын декларациясы Мамлекеттик салык кызматынын сайтында келтирилет.
Аянты 18 чарчы метр гаражы жана “Лексус” автоунаасы бар. Жакын туугандары 204 миң киреше тапкан. Алардын янты 297 чарчы метр үйү жана “Мазда 626” автоунаасы бар.
Акыйткачынын орун басары Эрлан Алимбаев 387 миң 40 сом иштеп тапкан, 58 чарчы метр батири бар. Жакын туугандары 42 миң сом тапкан, 52,20 чарчы метр жана 28,40 чарчы метр эки батири жана “Хонда-Стрим” автоунаасы бар.
Акыйкатчынын дагы бир орун басары – балдар акыйкатчысы Гүлнара Жамгырчиева 586 миң 308,09 сом иштеп тапкан. Мүлкү да, жакын туугандары да жок.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ