ИИМ министринин мурунку орун басары Курсан Асановдун адвокаттары Таалайгүл Токтакунова менен Чынара Жакупбекова Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссиянын корутундусуна нааразы. Мындай пикирин алар бүгүн, 16-декабрда журналисттерге билдирди.
Алардын айтымында, мамкомиссия Курсан Асановго карата объективдүү иш жүргүзгөн эмес. Кой-Таштагы анын аракетинде кылмыштын курамы жок. Ал мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин багынып берүү боюнча гана сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.
Эске сала кетсек, Кой-Таш окуясы боюнча мамлекеттик комиссиянын корутундусу 12-декабрда Жогорку Кеңеште угулган. Мамкомиссия 29-августта премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин чечими менен түзүлгөн.
7-8-августта мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы хан сарайында аны кармоо боюнча операция жүрүп, кагылышуу болуп, аягы өлүм менен аяктаган. УКМК «Альфа» атайын түзүмүнүн кызматкери, полковник Үсөнбек Ниязбековго ок тийип, каза болгон. 8-августта Атамбаев жана анын тарапташтары колго түшүп беришкен.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ