“Манас” аэропортундагы коюу тумандан улам каттамдар кармалып, учактар учпай турат. Бул тууралуу бүгүн, 16-декабрда аэропорттун маалымат кызматы билдирди.
Алардын билдирүүсүнө караганда, туман өтө коюу болгондуктан учуп-конуу тилкесинде 50 метр аралык гана көрүнүүдө. Ошондон улам каттамдар кармалууда. Аэропорттун жетекчилиги жүргүнчүлөрдөн абалды түшүнүү менен кабыл алууну суранат.
Каттамдар тууралуу 0 (312) 69-31-09 телефонго чалып, сурап-билсеңиз болот.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ