Menu

Дүйнөлүк банк инвестициялык долбоорду даярдоого 384 миң 900 доллар гранттык каражат бөлөт

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитети Кыргыз Республикасы менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы Салыктык башкаруу системасын жана статистикалык системаны модернизациялоо долбоорун (ЕСАРDEV Траст фондунун ТА0B0175 гранты) даярдоо үчүн грант берүү тууралуу гранттык макулдашуу-каты жөнүндө ратификациялык мыйзам долбоорун жактырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет.

Өкмөттүн маалыматына караганда, эки тараптуу келишимге ылайык, Дүйнөлүк банк “Салыктык башкаруу системасын жана статистикалык системаны модернизациялоо” инвестициялык долбоорун даярдоо үчүн 384 миң 900 доллар өлчөмүндө гранттык каражат бөлөт.

Инвестициялык долбоор төмөнкү бөлүмдөрдөн турат:

1) Маалыматтык-технологиялык инфратүзүмдөрдүн алкагында функционалдык кемчиликтерди талдоо, иштеп чыгуу жана баалоо жүргүзүү;

2) Долбоорду ишке ашыруу бөлүмүн түзүүнү кошкондо ПМНАСС долбоорун ишке ашыруу максаты үчүн сатып алуулар жана финансылык башкаруу жаатындагы ДИБ тандалып алынган кызматкерлеринин дараметин өстүрүү боюнча иш-чараларын колдоо;

3) Долбоордун ишине аудит жүргүзүүдө колдоо көрсөтүү.

Депутат Марлен Маматалиев акыркы мезгилде насыя каражаттарга жакшы көңүл бурулуп жатканы менен, гранттык каражаттарга жакшы көңүл бурулбай келатканын белгиледи. “Гранттык каражаттар бекер берилгенине карабастан, анын кандай пайдаланып жатканын да көңүл сыртында калтарбашыбыз керек. Мисалы, ушул гранттын 84 пайызы консултация берүү кызмат акысына жумшалат экен. Эмне үчүн мынчалык көп бөлүнгөнүнө түшүнүү кыйын”, – деди ал.

Салык кызматынын өкүлү Искендер Асылкулов бул гранттык каражатка 17,5 млн доллар көлөмүндөгү ири долбоор даярдала турганын, анын жарымы жеңилдетилген насыя насыя, жарымы грант болорун эске салды. “Долбоор иштелип жатканда каражаттын 80 пайызын консультациялык кызмат акыга пландаштырылган, бирок сүйлөшүү жыйынтыгында 26 пайызга чейин кыскарта алдык”, – деди ал.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 82 − 75 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: