Menu

Алмамбет Шыкмаматов, атамекенчи депутат: «Спикер Дастан Жумабековду кызматтан кетирүүгө себеп жок»

Бөлүшүү:

ЖКнын спикери Дастан Жумабеков шаарды туура эмес айтып алгандан бери коомчулуктун көңүл борборунда болуп, социалдык тармактарда катуу сынга алынган жана алынууда. Көпчүлүгү: “уят кылбай кызматтан кетсин!”, – деп да жазып чыккан. Ошондой эле спикерди кетирүү демилгесин депутат Исхак Масалиев “жаңыланалы” дегендей парламентте көтөрүп чыккан. Ал эми спикерди кызматтан кетирүү боюнча депутат Алмамбет Шыкмаматов өз пикирин бүгүн, 16-декабрда журналисттерге билдирди.

Спикерди кетирүү – реалдуу эмес. Менимче, аны кетирүү үчүн 80 добуш керек, андай мүмкүн эмес. Шаардын аталышын туура эмес атап алганы, албетте, жакшы эмес дечи, бирок кызматтан алууга себеп боло албайт. Баардыгынын эле телегейи тегиз эмес, кимдир-бирөө орусча, кимдир-бирөө кыргызча туура эмес сүйлөп алат. Парламентте көптөн бери спикерди алмаштыргысы келген күчтөр бар, азыр алар үчүн ыңгайлуу учур окшобойбу. Бирок бул теманы козгогонго кеч болуп калды, анткени бул чакырылыштын иштеп бүтүшүнө 6 ай эле калды. Анын үстүнө спикер – бул модератор, өз ишин алып барып келет, эч ким менен чатакташпайт, эң башкысы, саясый же башка ызы-чууларга аралашкан эмес. Бул принципиалдуу нерсе“, – дейт “Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов.

Эске сала кетсек, Дастан Жумабеков мыйзам долбоорун парламентте окуп жатып, шаарды туура эмес окуп алган. Франкфурт-на-Майне дегенди “Франкфурт жана Маяне” деп, “Маяне шаарында” деп дагы кайталаган.

 Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: