Menu

Некролог — КРнын эл артисти, белгилүү дирижер Сайидрахман Матиев мезгилсиз дүйнөдөн кайтты

Бөлүшүү:

Кыргыз искусствосу орду толгус оор жоготууга учурады. Жума, 13-декабрь күнү 60 жаш курагында Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү дирижер Сайидрахман Матиев мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Сайидрахман Матиев 1959-жылы 11-апрелде Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу азыркы Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн Правда айылында туулган. 1976-жылы Правда орто мектебин аяктап, 1977-1981-жылдары Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынан билим алган. Андан соң Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм өнөр институтунан билимин тереңдетип, маданий агартуу факультетинин эл аспаптар оркестринин дирижеру адистиги боюнча окуусун 1985-жылы аяктаган. Ушул эле жылы институттун жолдомосу менен Б. Алыкулов атындагы Жалал-Абад маданият техникумунун элдик аспаптар бөлүмүнө мугалим болуп эмгек жолун баштаган. 1985-1995-жылдары техникумда мугалим, эл аспаптар бөлүмүнүн башчысы, аталган оркестрдин жетекчиси кызматтарында иштеген. 1998-жылдан тартып Ош шаарындагы Ниязалы атындагы музыкалык окуу жайынын кыргыз эл аспаптар бөлүмүндө окутуучу, Р. Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясынын Насыйкат эл аспаптар оркестринин артисти, андан соң Б. Мадазимов атындагы Эл аспаптар оркестринин башкы дирижеру жана көркөм жетекчиси кызматында эмгектенген.

2007-жылы «Соң-Көл баяны», 2013-жылы «Кылым карыткан кыргыз күүлөрү» аттуу ырларды жана күүлөрдү камтыган партитуралык китеби музыкалык мектептерге, орто жана жогорку окуу жайларына методикалык колдонмо катары жарык көргөн.

2013-жылы «Таберик» поэзия жыйнагы, «Күз кайрыктары» обондор жыйнагы жарык көрүп, Кыргыз улуттук жазуучулар союзуна мүчөлүккө кабыл алынган.

С. Матиевдин эмгеги жогору бааланып, ага 2008-жылы «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер», 2017-жылы «Кыргыз Республикасынын эл артисти» деген ардактуу наам ыйгарылган.

Кыргыз коомчулугу элибизге кеңири таанымал болгон белгилүү дирижер Сайидрахман Матиевдин элесин түбөлүккө эсинен чыгарбайт. Маркумдун туугандарына жана жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

Жээнбеков С. Ш., Джумабеков Д. А., Абылгазиев М.Д., Эсеналиев Д. А., Молдобекова Г.С., Боронов К. А., Өмүрбекова А. С., Раев С. А., Жаманкулов А.К., Жылкыбаев У.К., Токтакунова С. Т., Бегалиев М.А., Чотонов М.М., Жумалиев С., Акматалиев С., Тилегенов Б.С., Осмоналиев Р.М., Жумакунов Р.Д., Садыкова С. М., Мураталиев Т. М., Асанов Р.А., Бедияров А.Б., Талипова Ш. Т., Садыбакасова Г.С. ж. б.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 83 + = 92

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: