Эртең, 17-декабрда КР ЖКнын Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинде коомдук ишмер Азимбек Бекназаровдун Малайзия элчилигине талапкерлиги каралат. Бул тууралуу бүгүн, 16-декабрда ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.
Эске сала кетсек, ушул жылдын 7-октябрында өткөргөн басма сөз жыйынында Азимбек Бекназаров президент Сооронбай Жээнбеков ага Малайзиядагы элчиликти сунуш кылганын айткан. Ошондой эле ал бул сунуштан баш тартпасын да билдирген.
Мындан мурун биздин редакциянын кат куржунуна Малайзиянын Ташкенттеги элчилиги Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилиги аркылуу Малайзия Өкмөтүнүн КР Тышкы иштер министрлигине жөнөткөн Азимбек Бекназаровду Малайзияга Кыргызстандын Элчиси кылып дайындоого макулдук берген агреманынын каттоо номери жана тексти келип түшкөн.
Ал жарыяланары менен Азимбек Бекназаров “мен билбейм” деп танып чыккан эле.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ