Menu

Фото – Президент Сооронбай Жээнбеков Сауд Арабиясында жашаган мекендештер менен жолугушту

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 16-декабрда, Сауд Арабиясынын Королдугуна расмий визитинин алкагында Эр-Рияд шаарында Сауд Арабиясында жашаган мекендештер менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

 Мамлекет башчысы мекендештерди Сауд Арабиясындагы  Кыргыз Республикасынын Элчилигинин имараттарынын жаңы комплексинин ачылышы менен куттуктады.

Чет өлкөдө жашаган кыргызстандыктар менен жолугушууга ар дайым кубанычта экенин белгиледи.

Ал расмий визиттин алкагында Сауд Арабиясы менен эң жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр ийгиликтүү өткөнүн, биргелешкен кызматташууну тереңдетүүгө багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлганын баса белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков мекендештерге ийгиликтерди, максаттарына жетишин жана бекем ден соолук каалады.

Алардын топтогон тажрыйбалары жана билими өлкөнү өнүктүрүүгө салымын кошуу үчүн пайдалуу болооруна ишенимин билдирди.

Жолугушуу суроо-жооп форматында өттү.

Мекендештер өлкөнүн тышкы карызы, туризм, билим берүү, визалык процедураларды жөнөкөйлөштүрүү жана башка суроолорду беришти.

Аларды кызыктырган суроолорго Президент Сооронбай Жээнбеков жана Кыргызстандын расмий делегациясынын мүчөлөрү жооп беришти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: