Menu

Бүгүн төрт этаптан турган долбоорду Жылдыз Жолдошова ишке ашырат. Ал эмне болгон долбоор?

Бөлүшүү:

Бүгүн, 17-декабрда, Бишкекте “Туруктуу мектептер түйүнүн түзүү жолу менен туруктуу жашоо образын стимулдаштыруу” аттуу иш-чара өтөт. Жыйынга Билим берүү министри Каныбек Исаков, Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигинин жетекчиси Мирслан Аманкулов жана Жогорку Кеңештин депутаттары катышат. Долбоордун ассистенти экс-депутат Жылдыз Жолдошова. Бул тууралуу медиа-эксперт Гүлзада Шаршеналиева билдирди.

Анын айтымында, бүгүн айлана-чөйрөнү коргоо менен жашоо-шартты жакшыртуу, мектеп окуучулардын жашыл ой-жүгүртүүсүн жана туруктуу өнүгүүсүн камсыздоого багыт алган долбоор старт алат. Анда, мектеп окуучуларына практикалык түрдө, экологиялык шарттарды бекемдөө менен деле капитал топтоп байып, жашоо-шартты жакшыртуу мүмкүн экендиги үйрөтүлөт.

«Долбоор төрт этапта ишке ашырылат. Биринчи этап – конкурс үчүн улуттук критерийлерди иштеп чыгуу. Экинчи этап – Экологиялык билим берүү материалдарын даярдоо, мектептердин күнүмдүк жашоосунда туруктуу жашоо образын киргизүүнүн пландарын сунуштоого чакырык таштоо. Үчүнчү этап – Долбоорду ишке ашырууга пилоттук мектептерди тандап алуу. Төртүнчү этап – Мектептердеги туруктуу өнүгүүнү камсыздоо жана ишке ашыруу. Долбоор дүйнөнүн 9 өлкөсүндө ишке ашат. Иш-чаранын жүрүшүндө жеңүүчү мектептер аныкталып, мектеп окуучулар экологиялык маселелерге арналган сахналашкан чакан оюн көргөзүшөт»,-дейт Г.Шаршеналиева.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 − 72 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: