Ушул жумада Бишкекте “Республика” партиясынын съезди болуп өтөт. Бул тууралуу 17-декабрда партиядан билдиришти.
Кээ бир булактардын маалыматы боюнча күн тартибинде бир маселе турат – жаңы лидерди шайлоо жана “Республика” 2020-жылдагы парламенттик шайлоого “Ата-Журтсуз” бара тургандыгы жар салынат.
“Өмүрбек Токтогулович, кыязы, төрагалыктан кеткенин расмий билдирип, жаңы жетекчи шайланат. Бул орунга азырынча эки талапкер – Жогорку Кеңештин депутаттары Мирлан Жээнчороев жана Кенжебек Бокоев көрсөтүлүүдө”, – дешти партиядан.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ