Нарын облусунда жер титиреди. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы бүгүн, 17-декабрда билдирди.
Алардын айтымында, бүгүн, эртең мененки саат 08:26да Нарын облусунун аймагында күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Ак-Талаа районунун Ак-Чий, Жаңы-Тилек жана Кара-Бүргөн айылдарында 2 баллга чейин сезилген. Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ