Menu

Чүйдө ири көлөмдөгү героин менен жаран кармалды

Бөлүшүү:

Бул тууралуу 17-декабрда баңгизатка каршы күрөөшүү боюнча кызмат билдирди.

Бул жаран мурда эле баңгизат сатып жүргөнү боюнча маалымат түшүп келген. 11-декабрда стационардык посттон автоунааны токтотушканда, 33 жаштагы А.А. аттуу жарандын сомкесинен 6 кг 140 гр героин табылган.

Бул факт Кылмыштардын бирдиктүү реестрине “Баңгизат даярдоо жана аны сатуу” беренеси менен кирген. Мындан тышкары аталган кызмат 13-декабрда Баткен облусунан туруктуу канал аркылуу баңгизат сатып жүргөн 51 жаштагы Р.У. аттуу жаранды да колго түшүрүшкөн. Шектелгендер СИЗОго киргизилген.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 71 = 81

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: