Menu

Кожобек кантип “мат” болду?

Бөлүшүү:

Өткөн аптада Жогорку Кеңеште “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында айып пулдардын көлөмүн азайтуу боюнча мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окуудан ийгиликтүү өттү. Эми өлкө башчысы кол койсо эле мыйзам күчүнө кирет. Мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда депутаттар ар кандай суроолорун, адатынча жаадырып жатышты. Кадимки депутат Кожобек Рыспаев жол коопсуздугу кызматынын төрага орун басары Саркуловду бурчка такап, “Айып пулдар азайса, мурунку айыптар эмне болот” – деди. Саркулов жаңы мыйзам боюнча төлөй турганын билдирди эле. Ушуну эле күтүп турганбы Рыспаев “анда жаңы мыйзам күчүнө киргенче, эч ким айып пул төлөбөйт” – деп опулдады эле. Кыраакы Саркулов: Кожобек Жайчыбекович, азыр комиссия иштеп жатат, биздин милдет акча чогултуу эмес, биздин милдет коопсуздук”-деп оозун жап кылды. Эске сала кетсек бир катар жол эрежелери боюнча 3000 сомдук айыптар, 1000 сомго чейин төмөндөөдө.

Булак: “Факты.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 54 − 46 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: