Menu

Прокурор Албек Ибраимовго 20 жыл, Кубанычбек Кулматовго 15 жыл сурады

Бөлүшүү:

Бишкектин Ленин райондук сотунда К.Кулматов, С.Өмүркановго, К.Шаршекеевге,  С.Алиевге карата «Калыс-Ордо» конушундагы мектептин курулушундагы коррупцияга байланыштуу кылмыш ишин кароо соңуна чыкты. Бул кылмыштын натыйжасыында мамлекетке 94 млн 864 миң 180 сом зыян келтирилген.

Ошондой эле А.Сасыбаевага жана Б.Мырзабековго карата “Дастан” ААКсы «И-239» изделияларын жогорулатылган баада алып, мамлекетке 22 млн 26 миң 160 сом келтирген кылмыш ишин кароо да аяктады. Ошондой эле А.Ибраимовго, Р.Макеновго, У.Мурзакановго, А.Түлөбердиевге, Д.Яковлевге, Б.Турусбеквовго, А.Гүлжигитовго карата муниципалдык жер тилкелерин өз кишилерине чыгарып берүү жана экс-мэрдин “Солнечный берег” пансионатынын 100% акциясын сатуу менен мамлекетке 82 млн 750 миң 556 сом зыян алып келген кылмыш боюнча ишти кароо да бүттү.

Ошентип мамлекеттик айыптоочулар жарыш сөз учурунда соттон төмөнкү жазаларды берүүнү:

А.С.Ибраимовду – 20 жылга, К.Кулматовду -15 жылга, Р.Макеновду – 8 жылга, У.Мурзакановду – 8 жылга, Б.Түлөбердиевди –  8 жылга, Д.Яковлевди – 8 жылга, Б.Турусбековду – 8 жылга,  А.Гүлжигитовду – 8-жылга, С.ӨМүркановду – 15-жылга, К.Шаршекеевди – 15 жылга, С.Алиевди – 15 жылга эркинен ажыратууну, А.Сасыбаева менен Б.Мырзабековду – кылмышка жоопкерчилигине тартуу мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу жазасы жок калтырууну суранышты.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: