Menu

Бишкекте боорукердик дүкөнү ачылды, анда кийимди бекер алсаң болот

Бөлүшүү:

Бул тууралуу жарандык активист Виктория Победа өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты. Мындан тышкары активисттер муктаж болгондорго документ толтурууга, окутууга жана жумушка орноштурууга жардам беришет.

Викториянын айтымында, бул дүкөндөн каражатсыз калган үй-бүлөлөр, турмуштук ооор абалга туш болгон адамдар акысыз кийим алып, дагы эмне керек болсо, ал жөнүндө буйрутма калтырып кете алышат. Азырынча филиалы Бишкекте гана бар, бирок бүтүндөй республика боюнча жеткирип бере алышат.

“Муктаж үй-бүлөлөр ар дайым биздин көзөмөлдө болуп турат. Биздин башкы максатыбыз – оор абалга туш болгон үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүү. Кайдыгер эмес адамдардан да суранат элек, ушундай дүкөндөрдү ачканга жай болсо, азык-түлүк, курулуш материалдары керек болуп жатат. Бизнесмендер дагы кайдыгер болушпаса, чогуу-чаран өнөрканаларды ачып, муктаждарга үйрөтүп, жумуш орун таап берип турат элек”, – деп жазат Виктория Победа.

Булак: KyrgyzToday.kg

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 81 − 71 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: