Ысык-Көл облусунда адам өлүмүнө шектүү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-декабрда Чүй ОИИББнин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын маалыматына караганда, Суусамырдагы бадалдын арасында эркек кишинин жансыз денеси жатат деген билдирүү милицияга келип түшкөн. Каза болгон киши Кожомкул айылында малчы болуп иштегени аныкталган. Бул факт “Кылмыштардын жана жоруктардын» бирдиктүү реестрине катталып, 23 жаштагы Р.Б. шектүү Ысык-Көл облусунун аймагынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Алдын ала маалыматка ылайык, шектүү менен маркум кырсык болгон күнү таанышкан. Алар спирт ичимдигин ичип отуруп, уруша кетишкен. Р.Б. К.К.ны сабап, колу-бутун байлап, машинанын дөңгөлөгүн үстүнө таштап кетип калган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ