Menu

Алмазбек Баатырбеков, ЖКнын депутаты: “Туруктуу саясатчыны эл эч качан жаман көрбөйт”

Бөлүшүү:

Асыл, баалуу таштай бек, атымды койгон Алмазбек

Алмаз деген кымбат баалуу таштын аталышы экенин билесиңер. Атамдан мен да кызыгып атымдын коюлушу тууралуу сураганымда «асыл, баалуу таштай бекем болсун деп, Алмазбек деп ысым бергенбиз – уулум» деген эле. Мен үйдө уулдардын кичүүсүмүн. Ата-энебиз бекем, курч, өткүр болсун деп үч уулунун тең атын ырымдап коюшкан экен. Улуу агам Темирбек, экинчи агамды Болотбек жана кичүүсү мен Алмазбек. Мен Ат-Башы айылында төрөлгөм. Азыр ай сайын десем аздык болуп калат го, айрым учурда айына үч жолу барып калган учурларым болот. Жакшылык, жамандыкта гана айылга барбастан, шайлоочуларыма жолукканы, ар бир ишти бүтүргөн учурда да сүйүнүү менен барып турам. Туулган жериме барганга шашып турам. Үйдүн кичүү уулу катары шартка, жумушка байланыштуу шаарга ата-энемди өз колума алып алгам. Ата-энем азыр Кудайга шүгүр 80 жашка келишти. Учурунда мамлекеттик кызматта иштеп, пенсияга чыгышкан. Ата-энеме ыраазыбыз, алты баласын кем кылбай багып, тарбиялашып, эң башкысы алтообузду тең жогорку окуу жайларына тапшыртып, окутушкан. Азыр буюрса бир туугандарым ынтымакта, ата апабыздын маңдайында, өз бүлөлөрүбүз менен жашап жаткан убагыбыз.

Эки нерсе сени менен түбөлүк болот

Кесип менен жубай тандоо түпкүлүктүү нерсе. Анткени, экөө тең сени менен түбөлүккө болот. Эртең менен туруп жумушка шашып, кечинде үйүнө шашкан адам бакгылуу деп жумушуңду сүйсөң жумушка шашасың, демек, кесибиңди сүйсөң берилип иштейсиң, ийгилик жаратып алдыга озуп чыгасың. Ал эми жубайыңды сүйсөң үйгө шашасың. Бул чыңдык. Үйдө да, жумушта да көңүлүң ачык, маанайың жарык болсо, ишмердүүлүк менен иш алып барсаң, дилинди коюп ишиңди кылсаң ийгилик өзү ээрчийт.

Иштеген адам сөзсүз жаңылышат

Саясаттагы адамдарды элдин терс көз карашта караганынын да жүйөсү бар. Анын бирден бир себеби болуп туруксуздук. Туруктуу саясатчыны эл эч качан жаман көрбөйт. Экинчиден “бир кумалак, бир карын майды чиритет” дегендей учурлар да болуп кетет. Мисалы депутаттарды саясатчы катары карап көрсөк айрым депутаттардын кесепети бардык депутаттарга жаман сөз алып келип жатат. Бул тилекке каршы башкалар үчүн жагымсыз көрүнүш. Айрым учурда бир туура эмес иш кылып алган адамды да каралап жатып калмай адатыбыз бар. Жаңылышпаган адам болбойт, мындай адамды туруксуз деп айта берүүгө да болбойт. Себеби иштеген адам сөзсүз жаңылышат.

Жашоонун маңызы – үй-бүлө

Адам баласынын жашоосунун маңызы анын үй-бүлөсүнө байланыштуу болот. Эркектин милдети үй салып, бак тигип, бала тарбиялоо болсо, эненин да ошончо балага болгон милдеттери болот. Ата-эне үчүн бала тарбиялоо бакыт болуп саналат. Бала бул жөн гана тукум улоо үчүн жаралбайт. Бала жаралганда аны менен кошо жоопкерчилик, сүйүү, мээрим, үмүт жана эң чоң бакыт кошо жаралат. Мен да буюрса ошондой сезимдерге ээ атамын. Келинчегим Көлдүн кызы. Менден төрт жаш кичүү. Мен 24 жашымда үйлөнгөм. Учурда бир уул, бир кызды тарбиялап жатабыз. Үй-бүлөм тууралуу кайда болбосун сыймыктануу менен айта алам.

Азыр эртеңки жумушуңа кепилдик жок

Союз мезгилинде айлык акы менен гана, туруктуу бир кирешеге жашооңду гана пландап жашачубуз. Туруктуу жумушуң бар, эч ким аны сенден тартып коё албайт. Жумушсуз отуруп калуу деген түшүнүк жок болчу. Каниет деген нерсе бар болчу. Ток пейил тартып, айлык акыны керектүү ишке жумшап, сен бай, мен кедей дебей эле бирдей жашай беришчү. Ал эми азыр эртең жумушуң болобу, болбой калабы белгисиз нерсе. Ошол себептен дагы адамдар бүгүн иштеп, таап алайын эртең эмне болуп кетет ким билет деген түшүнүк менен жашап калышты. Жашоо бир калыпта эмес, күндө эле өзгөрүүлөр болуп турат. Кытайлардын мааниси терең жакшы сөзү бар: душманыңды каргабай эле, жөн гана өткөөл мезгилде, өзгөрүү мезгилинде жашап өт, деп кой деген. Анын сыңарындай биз да азыр ушундай мезгилде жашап жаткандайбыз. Эртеңки жашоого эч ким кепилдик бере албайт. Бул тилекке каршы жакшы эмес.

Бир өкүнүчүм бар

Менин өкүнгөнүм чет тилин билбей калганым. Мектепте жакшы окуганым менен чет тилин жакшы үйрөнбөй калганыма абдан өкүнөм. Мектепте англис тилин окудук ал эми университетте немец тилин, француз тилин окуткан. Бирок көп маани берип, артынан түшүп үйрөнбөй койгонума азыркыга чейин өкүнүп калам.

Ишкерликтин көзүн жакшы билем

Өтө көп тармактарда ишкерлик кылып көргөм. Иштин алдыга жылып кетиши иштеген жана иштеткен адамга байланыштуу болот. Мен соода кылып да көргөм. Тейлөө тармактарында да ар кандай жайларды ачып, азыркыга чейин иштетип жүрөм. Компьютердик кызматтарды, машина оңдоочу, тамактануучу жайларды ачып, иштетип жүрөм. Буга чейин деле жеке ишкерликтин көп түрү менен алектенгем. Айрыкча тейлөө тармактарында көп жайларды ачкам. Ошондуктан мен бул тармакта мыкты иш кылып кете алам деп айта алам. Мен саясатка келбесем ишкерлик менен алектенип жүрмөкмүн. Анткени жоро-жолдош, айланамдагылардын көбү бизнес менен алектенип жүрүшөт. Өзүмдүн дагы бизнес кылууга шыгым көбүрөөк.

Мал жандыктарым көп

Кыргыз уулу болгондон кийин мал чарбачылыгына аралашпай коё албайсың. Өзгөчө менин туулган кичи мекеним көбүнчө мал кармап, сатып, союп дегедней оокаттарын кылышат. Менин да мал жандыктарьм бар. Жылкы баласы тууралуу айтсам чет жерден алып келип баккан аттарым жок. Бирок жергиликтүү эле таза кандуу аттардан, күлүктүн кулундарынан ырымдап деле багып калабыз. Улакка жакшы түшкөн айгырлардын кулундарынан алып багып да жүрөбүз. Эң башкысы чарбалык жылкыларыбыз, малдарыбыз бар. Атагы алыска кеткен азырынча күлүктөр жок.

Булак: “Факты.kg

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 40 = 43

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: