Menu

Мухаммедкалый Абылгазиев Япониянын Кыргызстандагы элчиси менен жолукту

Бөлүшүү:

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Сигэки Маэда менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда Өкмөт башчы эки өлкөнүн саясий, соода-экономикалык жана маданий чөйрөдөгү кызматташуусу динамикалуу өнүгүп жатканын белгиледи.

Мухаммедкалый Абылгазиев ошондой эле  он жылдан бери «Бир айыл – бир продукт» долбоору ийгиликтүү ишке ашып жатканын белгилеп, бул долбоорду өлкөнүн бардык аймактарында жүзөгө ашырууга чакырды.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Премьер-министр Япония менен гидроэнергетика чөйрөсүндө кызматташтыктын маанилүүлүгүн белгилеп,  экологиялык нормаларга жооп берген жаңы технологияларды колдонуунун зарылдыгы жана республикага инвесторлорду, ири япон компанияларын тартуу тууралуу сөз кылды.

Өз кезегениде элчи Сигэки Маэда эки мамлекеттин ортосундагы алаканы мындан ары да чыңдоого жана кызматтыктын жаңы багыттарын өнүктүрүү үчүн бардык күчүн жумшарын айтты.

Элчи санариптештирүү боюнча мамлекеттик органдардын иш-аракеттерин жогору баалап, республиканын IT-технологиялар чөйрөсүндөгү мүмкүнчүлүктөрү кенен экенин белгиледи. Ошол эле учурда элчи жогоруда айтылган чөйрөдөгү адистерди даярдоо жана окутууну уюштуруу маселесине колдоо көрсөтүүгө даяр экенин кошумчалады.

Жолугушуунун соңунда Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Бир айыл – бир продукт» долбоорун Ысык-Көл облусунда ийгиликтүү ишке ашыргандыгы, аны башка облустарга жайылтууга жасаган аракеттери жана ата мекендик өндүрүштүн экологиялык таза жана табигый азыктарын жергиликтүү рынокто жана чет өлкөлөрдө илгерилетүүгө салым кошкону үчүн JICA агенттигинин «Бир айыл – бир продукт» долбоорунун башкы кеңешчиси Акихиса Харагучиге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасын тапшырды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 40 − = 35

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: