Menu

Кубанычбек Кадыров, экс-депутат: «Мен Саймаитини тааныбайм, аны көргөн да эмесмин”

Бөлүшүү:

Кубанычбек Кадыров бүгүн,17-декабрда УКМКга чакырылып, сурак берип чыккан. Эмне боюнча сурак берип чыкканы тууралуу сурап, жооп алдык.

– Кубаныч мырза, УКМКга Айэркен Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу УКМКга суракка чакырылган турбайсызбы. Ал кишини мурда таанычу белеңиз?

– Жок, мен Саймаитини тааныйбайм, аны көргөн да эмесмин. Эл катары эле мен дагы аны “Азаттыктын” иликтөөсүндөгү видеодон көрдүм. Болгону мен журналисттерге интервью берип жатканда, “Саймаитини Атамбаев өлтүртүп коюшу мүмкүн”,-деп айткан жерим бар эмеспи, ошол айткан сөзүм боюнча суралдым. Тергөөчүлөргө да силерге айткандай, Саймаитини тааныбастыгымды, мурда, кийин көрбөгөнүмдү айтып бердим.

– Андан башка дагы суроолор болдубу?

– Ооба, болду, баягы мен силерге интервью бергенде, Атамбаев төрт саясатчынын көзүн тазалоо боюнча менден киллер сураганын айтпадым беле. Ошол боюнча суроо болду. Ал боюнча: «Мен ал сөзүмдү танбайм, ал ачуу чындык, Атамбаев ошентип айткан. Атамбаев менен мени беттештиргиле, мен анын бетине коюп берем. Эгер анда кичине болсо да абийири калса, анда ал сөзүн танбайт, эгер адамдык сапаты жок болсо, анда танып кетет. Кудай деп, Курандан хадистерди айтып калчу эле го, Куранды кармап чындыкты сүйлөшөлү. Керек болсо мен полиграфтан өтүүгө да даярмын»,-деп жооп бердим.

– Ушу менен сурак бүттүбү же дагы чакыртылат бекенсиз?

– Жок, бүткөн жок, дагы барам. Чакыртылаарымды айтышты, бирок убактысын айтышкан жок. Мен суракка ар дайым барууга жана баарын ачык айтууга даярмын. Мен чындыктан качпайм жана качкан эмесмин!

Эске сала кетсек, эл аралык издөөдө жүргөн жеке ишкер Айэркен Саймаитини 10-ноябрда Стамбулдагы отелдин багында отурган жеринен атып кетишкен. Каза болгон жеринде анын Range Rover үлгүсүндөгү машинасы табылып, 34 CC 2092 номуру Кыргызстандын Стамбулдагы Генконсулдугуна катталганы маалымдалган. Бул окуяга Кыргызстандын Стамбул шаарындагы мурунку башкы консулу Эркин Сопоковдун да аты аталган. Ал ээлеген кызматынан президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен бошотулган. Анын кызматтан алынышы боюнча Тышкы иштер министрлиги  расмий маалымат тараткан.

12-ноябрда Айэркен Саймаитини өлтүрүүгө шектелип үч киши кармалып, экөө Кыргызстандык экенин Түркиянын ММКлары жазып чыккан. Ага жооп кылып, биздин Тышкы иштер министрлиги  13-ноябрда “Саймаитини өлтүрдү» деген шек менен кармалгандардын үчөөнүн экөө Кыргызстандык” деген маалымат туура келбесин, алар оозеки гана айтканын, алардын жанында документ жок экенин билдирген. Ошол эле күнү Жогорку Кенештин сессиясында бул маселени айрым депутаттар көтөрүп чыккан.

14-ноябрда, Мамлекеттик каттоо кызматы: “А.Саймаитинин өлүмүнө шектелип кармалган Хусеин Ахметалиев менен Абдулла Энвер Кыргызстандын жарандары эмес жана аларга паспорт берилген эмес” деген расмий маалымат тараткан. 16-ноябрда Саймаитинин өлүмүнө шектелип төртүнчү шектүү кармалганы маалымдалган.

Саймаити менен байланышы болгон деген таризде айрым депутаттардын аттары аталган. Алсак, ЖК депутаты Дүйшөн Төрөкулов менен түшкөн сүрөтү социалдык тармактарга жарыяланган. Ошондой эле  ЖК депутаттары Төрөбай Зулпукаров менен Алтынбек Сулаймановдун да Саймаити менен мамилеси жакшы болгону жазылып, айтылып келет. Ал боюнча Сулайманов  21-ноябрда парламентте айтып, анын өлүмүн иликтөө боюнча комиссия түзүүнү сунуштаган. Ошол күнү комиссия түзүлүп, курамы бекитилген. Кийинчерээк Алтынбек Сулайманов менен Искендер Матраимов жүйөөлүү себеп менен курамдан чыгып кетишкен.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: