Menu

Фото – Президент Сооронбай Жээнбеков Ислам өнүктүрүү банкынын президенти Бандар М. Х. Хаджар менен жолугушту  

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-декабрда, Сауд Арабиясынын Королдугуна расмий визитинин алкагында Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) президенти Бандар М. Х. Хаджар менен жолугушту.

Эки тараптуу экономикалык жана инвестициялык кызматташуунун азыркы абалы жана келечеги талкууланды.

Мамлекет башчысы транспорт, калкты таза суу менен камсыздоо, саламаттыкты сактоо тармактарындагы долбоорлорду ишке ашырууда көмөктөшүү үчүн ыраазычылык билдирди.

ИӨБ жана Кыргызстандын ортосундагы Стратегиялык өнөктөштүк боюнча документтин долбоорун иштеп чыгууну сунуштады.

Президент Сооронбай Жээнбеков ИӨБдүн көңүлүн региондорду өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясаттын алкагында инфраструктуралык долбоорлорго, өзгөчө таза суу, сугат системаларын куруу, транспорт жана энергетика долбоорлоруна бурду.

Ислам өнүктүрүү банкынын президенти Бандар М. Х. Хаджар Кыргыз Республикасынын Президентинин Сауд Арабиясына расмий визити кызматташууга жаңы дем берерин жана жакшы натыйжалар болоруна ишенимин билдирди.

Ал Сауд Арабиясы ИӨБдө капиталдын эң көп пайызына ээ экенин белгиледи. Банктын Кыргызстан менен мамилелери дайыма позитивдүү мүнөздө болгонуна өзгөчө токтолуп, бул мамилелерди өркүндөтүүгө даярдыгын жана кызыкдарлыгын билдирди.

ИӨБ Президенти Бандар М. Х. Хаджар учурда бир катар биргелешкен долбоорлор кароодо турганын, аларды ишке ашыруу кыргыз тарап менен талкууланарын баса белгиледи.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 99 − 92 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: