Пакистандын мурдагы президенти Первез Мушарраф мамлекетке чыккынчылык кылганы үчүн айыпталып, өлүм жазасына өкүм чыкты. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазып чыкты.
Алардын айтымында, Мушарраф Пакистанды башкарып турганда, 2007-жылы өлкөгө өзгөчө кырдаалдарды киргизип, Жогорку соттун мүчөлөрүн камоону буюрган. Ошондой эле ал 20 жыл мурда андагы премьер-министр Наваз Шарифти бийликтен кулаткан. 2007-жылдын ноябрында Баш мыйзамды токтотуп, өзгөчө башкаруу киргизген. Мушаррафка карата кылмыш иши 2013-жылы өкмөттүн демилгеси менен козголгон. Ал Пакистан мамлекетин 1999-жылдан 2008-жылга чейин башкарган, учурда Дубайда бозгунда жашайт.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ